Москвадан 147 кыргызстандык келди

  • 4 года мурун

«Манас» эл аралык аэропорту 14-майда «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды.

147 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Бүгүн, 14-майда, Бишкек шаарына Япониядан жана Кореядан кыргызстандык 43 жаран кайтып келди.

Бүгүн ошондой эле Катар менен Кувейттен Кыргызстандын 107 жараны «Эль-Кувейт – Доха — Бишкек» каттамы боюнча учуп келишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты