4-майдан тартып ​Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынды

  • 4 года мурун

4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыюу салынат.

Мындай чечим 3-майда, облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.

Ыкчам штабдын маалыматында, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат.

Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 — күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын бардыгына тиешелүү.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

3-майдагы маалымат боюнча, бир суткада COVID-19 инфекциясынын 26 учуру катталып, бардык саны саны 795ке жетти Анын ичинен Ысык-Көл облусунда — 10 киши коронавируска чалдыккан.

3-майдагы маалымат боюнча эки киши каза таап, жалпы саны 10 кишиге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты