Коронавирустан бардыгы 527 киши айыкты
- 4 года мурун
Кыргызстанда 2-майдагы маалымат боюнча бир сутка ичинде коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Атап айтсак, Нарын облусунда – 11, Бишкек шаарында – 9, Жалал-Абад облусу — 2 жана Ош облусу – 1,
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 527 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
2-майда Кыргызстанда бир суткада COVID-19 вирусунун 13 учуру катталды. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 769га жетти.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү