​Коронавирустан айыккандан кийин анын кайталанган учурлары катталган жок

  • 4 года мурун

Кыргызстанда коронавирустан айыккандан кийин кайталап ооруган учур боло элек.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

-Коронавирустан айыккандан кийин анын кайталанган учурлары катталган жок, -деди ал.

27-апрелге карата республикада бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Нарын облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда-4, Бишкек шаарында – 2, Ошто – 2, Ош облусу – 1 бейтап.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 395 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталып, жалпы саны 695ке жетти.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты