COVID-19: Жаңы 13 учур аныкталды. Бардыгы 695 ке жетти (Видеографика)

27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 6:

Ош шаарында – 1;

Ош облусу – 1;

Чүй облусу – 2;

Нарын облусу – 1;

Ысык-Көл облусун – 2 учур.

Ошентип, республика боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 695ке жетти.

Катталган 13 учурдун арасында экөө Россиядан келгендер жана алар менен байланышта болгондордон жана эки учурда, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ооруган медицина кызматкерлери менен катташкандардын арасынан чыккан.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты