Профессор Карпек Курманов 92 жашында дүйнөдөн өттү

  • 4 года мурун

Юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Карпек Курманов 24-апрелде 92 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу юстиция министрлигинин сайтында кабарланды.

Карпек Курманов кыргыз юридикалык илиминин башатында турган, катардагы машинисттен Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын кылмыш укугу кафедрасынын профессоруна чейинки жолду басып өткөн.

Эгемендүү Кыргызстандын көптөгөн мыйзамдарын иштеп чыгуууда катышкан.

Карпек Курмановдун юридика илимине, юридикаоык кадрларды даярдоого кошкон салымы жогору бааланып, 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган.

Карпек Курманов 1928-жылдын 30-июнунда Жумгал районунун Кызыл-Туу айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги Карпек Курмановдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты да окумуштуунун үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты