​Дагы 10 медициналык кызматкер коронавирус жугузду

  • 4 года мурун

22-апрелге карата бир суткада 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. COVID-19га чалдыккан медицина кызматкеплеринин жалпы саны 157ге жетти.

Алардын саны боюнча айтсак, Жалал-Абад облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 3, Нарын шаарында – 1, Бишкек шаарында – 3 медициналык кызматкер.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 157 учур катталды.

Кыргызстанда 22-апрелге карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталып, бардыгы 612 болду.

Кыргызстанда, 22-апрелге карата коронавирустан 38 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан айыккандардын саны 254кө жетти. Ошондой эле 7 киши каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты