​Өкмөт чет өлкөдөн кайта албай жаткан мигранттарды колдоо үчүн 15 млн сом бөлдү

  • 4 года мурун

Өкмөт учурда чет өлкөлөрдөн мекенине кайта албай калган мекендештерди колдоо, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарт түзүү, тамакаш менен камсыздоо максатында 15 млн. сом бөлдү.

Бул маалыматты коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын ичинде 5 млн. сом Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилик, ал эми 10 млн. сом Орусиядагы элчилик аркылуу берилет. Бул каражат жашоосунан жана тамак-аштан кыйналып турган кыргызстандыктарга жардам берүүгө багытталган.

Биринчи вице-премьер-министр коронавирус илдетине каршы күрөш үчүн түшкөн жардам жөнүндө маалыматтар ачык экенин, бардык гуманитардык жардамды жана аны бөлүштүрүүнү онлайн режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн атайын платформа иштелип чыкканын эске салды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча атайын эсептерге келип түшкөн акча тууралуу https://help.covid.kg сайтындагы 21-апрелдеги маалымат:

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 129 млн. сом келип түшкөн, андан 19,2 млн. сому сарпталган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 15,1 млн. сом келип түшкөн, андан 13,3 млн. сому иштетилген.

Бишкек мэриясынын эсебине 3,3 млн. сом келип түшкөн, андан 2,6 млн. сом сарпталган.

21-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 590го жетти.

Кыргызстанда жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 7 киши каза тапты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты