Ыкчам штаб өзгөчө абалды узартуу сунушун киргизди

  • 4 года мурун

Ыкчам штаб өзгөчө абал режимин узартуу сунушун келтирди.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр — Республикалык ыкчам штаб жетекчиси Кубатбек Боронов Президенттин кабыл алуусунда билдирди.

Боронов республикалык ыкчам штабдын атынан, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди.

Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Боронов алгачкы этапта реагенттердин жоктугунан улам анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын эске салды.

Бүгүнкү күндө жыйынтыктар толугу менен алынды, ага ылайык, оорулуулардын саны да көбөйүп жатат. Ал акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экендигин белгиледи.

13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталып, жалпы саны 419 болду.

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин деп белгиленген. Бирок кечээ күнү КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы жуктурган адамды аныктамайынча карантинди токтото албайбыз деп билдирген.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты