​Кыргызстанда коронавирустан 44 бейтап айыгып чыкты

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 11-апрелге карата бир сутка ичинде 5 бейтап стационардан чыгарылды (Ош облусу — 1, Жалал-Абад шаарында — 3, Бишкек шаарында- 1). Бардыгы болуп ушул учурга чейин 44 бейтап айыгып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Мадемин Каратаев маалымат жыйынында белгиледи.

Жалпысынан стационарда жаткан COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны -19ду түзөт.

Алардын тогузу оор абалда, алардын ичинен, 5 киши реанимацияда.

Кыргызстанда коронавирустун жалпы тастыкталган 339 учуру катталды. Кайсы жерлерде катталгандарр көп?

Ош облусунда – 116;

Жалал-Абад облусунда – 89;

Бишкек шаарында- 54;

Ош шаарында -42;

Чүй облусунда – 18;

Нарын облусунда – 12

Ысык-Көл облусунда – 4;

Баткен облусунда – 4.

11-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 41 жаӊы учуру катталды.

Сүрөт: Мадемин Каратаев. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты