​Аскерге чакыруу жана запаска бошотууну токтото туруу жарлыгы чыкты

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарына мөөнөттүү аскерге чакыруу жана аскерден запаска бошотууну токтото туруу жарлыгына кол койду.

Чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу жана инфекциялык дарттын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынган.

Өкмөттүн чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүү сунушталды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталып, бардыгы 216 болду., төрт киши каза тапты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты