Кыргызстанда дагы үч кишиден коронавирус чыкты. Бардыгы 147 болду (Видеографика)
- 4 года мурун
- Мультимедиа
5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 киши катталды. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 147 болду.
Жаңы катталган 3 учур тең Бишкек шаарынан,- деп билдирди саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов.
Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационардан чыгарылды.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!