​Коронавирустан айыккандардын саны тогуз кишиге жетти

  • 4 года мурун

Бүгүн, 4-апрелде, Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан жалпы 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылды.

Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.

Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы туруу боюнча республикалык штабы билдирди.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационардан чыгарылды.

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды. Арасында медицина кыызматкерлери да бар, бардыгы 144 болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты