Кыргызстанда коронавируска дагы 14 киши чалдыкты. Арасында медкызматкерлер да бар. (Инфографика)

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды. Арасында медицина кыызматкерлери да бар, бардыгы 144 болду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарында– 1;

Ош облусунда – 5;

Ош шаарында – 2;

Джалал-Абад облусунда– 6.

Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.

COVID-19 вирусун жуктуруп алган 9 медкызматкердин ичинен: 7 – Жалал-Абад облусунда, 1 – Бишкекте, 1 – Ошто.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты