Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 22 миңден ашты

Жаңылыктар

Дүйнөдө 26-мартта (саат 21:10) коронавируска чалдыккан 491 623 учур катталды. Каза тапкандардын саны 22 169 га жетти. Айыккандардын саны 118 245 болду.

Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү.

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 22 169 га жетти.

Каза тапкандардын саны боюнча Италия алдыга чыкты, каза тапкандар 7503 болду. Андан кийин Испания - 4089, Кытайда- 3169.

Айыккандардын саны боюнча Кытай алдыда-60 811 учур, андан кийин Иран -9625, Италияда – 9362 учур.

Оорулуулар көбү Кытайда - 81 782, Италияда -74 386, АКШда - 69 210, Испанияда - 56 188, Германияда - 40 421, Иранда - 29 406 ж.б. катталган.

Ошондой эле Россияда – 840, Казакстанда –109, Өзбекстанда – 65, Кыргызстанда – 44 учур аныкталды.

Коронавирус дүйнөнөн 175 өлкөсүн каптады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Cүрөт: Интернет булактарынан.

Жаңылыктаркоронавирусонлайн-картадүйнө