​Токио олимпиадасы 2021-жылга жылдырылды

  • 4 года мурун

2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы олимпиада оюндары 2021-жылга жылдырылды.

Бул тууралуу РИА Новости эл аралык олимпиада комитетине шилтеме берип билдирди.

Олимпиада оту Японияда эле кала бермекчи жана “Токио 2020” аталышы кала берет.

Буга чейин эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитети коронавирус коркунучун талкуулагандан кийин олимпиада өз убагында өтөт деген чечим кабыл алган.

Жайкы олимпиада 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин өтмөк.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты