​Токиодо олимпиада өз убагында өтөт

  • 4 года мурун

Токиодо жайкы Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-августта өтөт. Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитети коронавирус коркунучун талкуулагандан кийин ушундай чечим кабыл алды. Комитет спортчуларды мелдешке даярданууга үндөдү.

Келишим боюнча Токио олимпиаданы жылдын соңуна чейин жылдырууга укугу бар. Бирок оюнду өткөрбөй коюу чечимин эл аралык Олимпиада комитети гана кабыл алат.

Коронавируска байланыштуу айрым спорттук мелдештер өтпөй же көрүүчүлөрсүз өткөндөн кийин олимпиаданын болор-болбосу суроо жарата баштаган.

Жапон бийлиги олимпиада үчүн эч кандай коркунуч жок экенин бир нече жолу билдирген. Оюндарга даярдык көрүүгө азыркы тапта эле 12 миллиард доллар жумшалды.

Өпкөнүн сезгенишине алып келген коронавирустан шейшембиге карата 3116 миң киши көз жумду. Ал эми 48 миңдейи айыгып чыкты. Вакцинасы табыла элек бул илдет Антарктидадан башка бардык материкте же дүйнөнүн 70 өлкөсүндө табылды.

Европада бул вирус эң көп жайылган мамлекеттердин башкы сабында турган Италияда 52 адам илдеттен каза таап, аны жугузуп алгандар 2 миңден ашты.

Иранда Кытайдан тараган бул инфекцияга кабылган 1500дөн ашуун кишинин 66сы көз жумду.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты