​Улуттук банк ишкер субъекттерди колдоо чарасын көрүү чечимин кабыл алды

  • 4 года мурун

Улуттук банк ишкер субъекттерди колдоо чарасын көрүү чечимин кабыл алды.

COVID- 19 инфекциясынын жайылышына байланыштуу ага каршы күрөшүүдө дүйнө мамлекеттери тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар экономиканын айрым тармактарындагы экономикалык активдүүлүккө да терс таасирин тийгизип жатат. Каралып жаткан бул көйгөй глобалдуу мүнөзгө ээ экендигин эске алып, мындай шарттарда айрым ишкер субъектилерине колдоо көрсөтүү, өлкөнүн банк жана финансы системаларында максималдуу туруктуулукту сактоо жагында тиешелүү чараларды көрүү зарыл.

Коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам, анын экономикага, калкка, ишкер субъектилерине, анын ичинде банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирлеринин кесепеттерин жеңилдетүү максатында кабыл алынып жаткан чаралардын алкагында, Улуттук банк башкармасы 2020-жылдын 18-мартында «COVID 19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтом кабыл алды.

Аталган токтом менен Улуттук банк банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине төмөнкүдөй убактылуу талаптарды коёт:

— кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат;

— кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат;

— берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 (үч) ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат;

— кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого сунуш берилет.

Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты