Улуттук банк төрагасынын орун басары дайындалды  

  • 5 месяцев мурун

Мелс Аттокуров мурдагы кызматынын бошотулуп, Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.   

Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Мелс Аттокуров финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору, Бишкек мэриясынын атаандаштык саясаты башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында 1973-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент факультетин аяктаган.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев бир күн мурда кызматтан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты