​Коронавирустан каза тапкандардын саны 5, 5 миңге жакындады

  • 4 года мурун

Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 5 миң 429 киши болду. Айыккандардын саны да көбөйдү 71 миң 694 болду.

Бул тууралуу окумуштуулар түзгөн онлайн-картада көрсөтүлөт.

14-мартта коронавирус жугузгандардын саны 145 миң 369 га жетти. Бир суткада дарт жугузгандардын саны 17 миң кишиге көбөйдү.

Коронавирустан айыккандардын саны да көбөйдү 71 миң 994 болду, бул бир суткада 2 миң кишиге көп сакайды дегенди билдирет.

Кытайда — 80 971, Италияда -17 миң 660, Иранда 11 миң 364, Түштүк Кореяда 8 миң 086, Испанияда 5 миң 232, Германияда 3 миң 675 жана Францияда -3 миң 667 киши коронавируска чалдыкты.

Казакстанда дарт жугузган төрт учур аныкталды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөттө: Коронавирус. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты