​Коронавирус жугузгандардын саны 100 миңден ашты

  • 4 года мурун

7-мартка карата короновирус жугузгандардын саны дүйнөдө 100 миң кишиден ашты. 3,4 миң киши каза болду. 55 миңден ашык киши айыкты.

Кытайдын саламаттык сактоо улуттук комиссиясынын маалымат боюнча, Кытайда коронавирус жугузгандырдын саны 80 651 кишиге жетти.

SCMP маалыматы боюнча, дүйнөдө 101 492 киши коронавирус жугузду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 6-марттагы маалыматы боюнча, Кытайдан башка жактарда инфекция жугузгандардын саны 17 481 кишиге жетти, бир суткада 2727 учур катталды.

Коронавирустан айыккандардын саны 55 миң кишиден ашты. 3485 киши каза тапты.

Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты