​Коронавируска байланыштуу экинчи штабды Асрандиев жетектейт

  • 4 года мурун

Аталган штаб коронавирус жайылышына байланыштуу тышкы таасирдин кесепетин азайтууга жана экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытталган.

Штаб башчылыгына вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бекитилди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди

5-марттагы штабдын алгачкы жыйынында милдеттер жана каралуучу маселелер бекитилди. Мындан тышкары экономикалык абалды тескөө, жергиликтүү өндүрүштү колдоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тиешелүү органдарга тапшырылды.

Штаб 3-марттагы Коопсуздук кеңешинин сунушу менен түзүлдү. Штабга өкмөттүн дээрлик толук курамы, фискалдык органдар, өкмөттүн бардык облустардагы өкүлчүлүктөрү, Бишкек, Ош шаарларынын жетекчилери мүчө болуп кирген.

Коронавирус оорусу күч алганына байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабылган. Адистер бул экономикалык жактан терс таасирин тийгизерин белгилешүүдө.

Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө. Мындан тышкары чек араны жабуу аймактагы өнөр жай ишканаларынын, биринчи кезекте кытайлардын катышуусундагы ишканалардын, ишине дагы таасир берет деп айтылууда.

Сүрөттө: «Манас» аэропортунда коронавируска текшерүү. Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты