«ПолитКлиника» медиасынын кеңсесин тинтип кетишти

  • 4 года мурун

2-марттан 3-мартка караган түнү белгисиз бирөөлөр «ПолитКлиника» медиасынын кеңсесин тинтип кетишти. Редакция кызматкерлери аны эртең менен жумушка келгенде көрүп, милицияга кабар берилди.

Кеңсенин терезесинин тор темирин талкалап киришкен. Андан кийин офистин ичиндеги эшиктерди талкалап, бөлмөлөргө кирип, иш кагаздарды, шкафтарды, текчелерди текшеришкен. Ал эми сырткы эки эшик бекилүү бойдон турган. Кирген кишилер кайра терезенин сындырып кирген тор темири аркылуу чыгып кетишкен. Калган бөлмөлөрдүн терезелери да ачык калган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу келип, иликтөө иштерин жүргүзүп кетишти.

Кеңседен баалуу эч нерсе жоголбогону белгилүү болду. Компьютерлер, ноутбук, фотоаппараттар жана башка техниканын, буюмдардын баары — өз ордунда. Бир гана биздин жумушчу материалдар, кагаздар, жумушчу блокнот, жумушчу китепчелер, хард диск жоголду.

«ПолитКлиника» медиасы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты