Баш прокуратура: Кой-таш окуясы боюнча кылмыш иши сотко жиберилди

  • 4 года мурун

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Бул тууралуу баш прокуратура билдирди.

Башкы прокуратура ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы иликтеген кылмыш ишти кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесине ылайык, изилдеп чыкты. Анда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жеенбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, 14. Асангелди Какебаев аттуу жарандарды кылмыш-жаза кодексинин 39, 309-беренелери, бийликти күч менен басып алуу, 355-берене, бийлик өкүлүнө коркунуч келтирүү же күч колдонуу, 337-берене, тергөөчүнүн ишине тоскоол келтирүү, 244-берене, барымтага алуу, 264-берене, жапырт баш-аламандык, 130-берене, киши өлтүрүү, 39, 130-беренелер, киши өлтүрүүгө аракет, 253-берене, куралды мыйзамсыз жүгүртүү, 257-берене, курал-жаракты уурдоо жана куралды тартып алууга аракет, 338-берене, сотко чейинки ишке байланыштуу ага коркунуч келтирүү же күч колдонуу беренелери боюнча кылмышка шектүү деп тапты.

24-февралда кылмыш иштерине байланыштуу баш прокуратуранын айыптоо актысы бекитилди. Айып корутундусу айыпка шектелип жаткандарга берилди. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Ошондой эле дагы беш киши тергөө менен кызматташкандыгына байланыштуу алардын кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынды.

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты