​Кытайда Си Цзинпинди кызматтан кетүүгө чакырган активист кармалды

  • 4 года мурун

Кытайда төрага Си Цзинпинди кызматтан кетүүгө чакырган укук таануучу, активист Сюй Чжиюн кармалды.

Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочулар кабарлаганын Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Алар диссиденттин кармалышын сөз эркиндигин чектөө жана коронавирус тууралуу маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча Кытай бийлигинин кезектеги кадамы катары баалашууда.

«Жаңы жарандардын кыймылы» деп аталган социалдык өнөктүктүн демилгечиси катары белгилүү Сюй Чжиюн Гуанчжоу провинциясында кесиптеши Ян Биндин үйүндө кармалган.

Жекшемби күнү аны жашырып жүргөндүгү үчүн үй ээси менен анын уулу да кармалып, көп өтпөй кайра кое берилген. «Америка үнү» жаңылыктар кызматы кабарлагандай, полиция журналисттердин бул окуя тууралуу суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан.

Кытай полициясы өткөн жылы декабрда Фуцзянь провинциясындагы жашыруун жолугушуунун катышуучуларын издей баштаган. Иш-чарага катышкан 20га жакын активист жана укук коргоочулардын арасында Сюй Чжиюн да бар болчу.

Февралдын башында Си Цзинпин коронавирус эпидемиясы менен Гонконгдогу нааразылык акцияларын токтото албай тургандыгы жазылган Сюй Чжиюндун эссеси жарыяланган.

Буга чейин Чжиюн ички мигранттардын укуктарын коргогон өнөктүккө катышкандыгы жана жогорку кызматтагы аткаминердин байлыгы тууралуу маалыматка жетүүгө аракет кылгандыгы үчүн төрт жыл камалып чыккан.

АКШда жашаган кытайлык укук коргоочу Тэн Бяо учурдагы эпидемия бийликке коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө шылтоо болуп жатканын билдирди. Ал Кошмо Штаттарга көчүп барганга чейин Кытайда бир нече жолу кысымга кабылып, камакка алынган.

Сүрөттө: Хубэй провинциясындагы медициналык палата. 16-февраль 2020-жыл

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты