​Белоруссияда акысыз билим алуунун шарттары

  • 4 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Белоруссия университеттеринде акысыз билим алуу программасына катышуучулар үчүн сынак шарттарын маалымдайт.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Анда Белоруссия өкмөтү 2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстанга сегиз гранттык орун бөлгөндүгү жана анын шарттары айтылат.

Бакалавриат программасы боюнча бөлүнгөн гранттык орундар:

  • Финансы жана кредит – 1 орун;
  • Биотехнология – 1 орун;
  • Маалымат технологиялары – 3 орун.
  • Лингвистика (тилди көрсөтүү керек) – 1 орун;
  • Эл аралык укук – 1 орун;
  • Маалыматты даярдоо, башкаруу жана системалык анализдөө (тармактар боюнча) – 1 орун.
  • элчиликтин атына кайсы адистикти жана эмне үчүн тандаганы тууралуу эркин формадагы арыз.;
  • чет өлкөгө чыгуу документтеринин же жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;
  • билим алгандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү же билим берүү уюмунун жетекчиси күбөлөндүрүп, бардык предметтер боюнча алган баалары көрсөтүлүп, окуп жатканын далилдеген маалымат кат;
  • орус тилин билүүсүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
  • тандаган адистиги боюнча билим алууга жөндөмдүүлүгү көрсөтүлгөн медициналык аныктама жана ВИЧ жоктугу боюнча сертификат;
  • окуу жайдан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);
  • белоруссиялык тегин аныктоочу документ (эгер болсо).

Магистратура программасы боюнча бөлүнгөн гранттык орундар:

Талапкерлерди тандоо эки этапта жүрөт:

Биринчисинде катышуучулар Белоруссия элчилигине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

Документтер орус же белорус тилинде даярдалышы керек. Сынакка катышуучунун акыркы окуу жылындагы орто упайы 4,3 баллдан кем эмес болушу зарыл.

Экинчи этап 15-июлга чейин аралыкта аңгемелешүү түрүндө өтөт. Экинчи тур тууралуу Белоруссия элчилиги талапкерге 20-майга чейин маалымат берет.

Грант окууга кеткен чыгымдарды камтыйт, стипендия берет.

Грант катышуучунун жол акысына, жатаканага, тамак-ашка, медициналык камсыздандырууга жана визага кеткен чыгымдарды камтыбайт.

Документтер 2020-жылдын 25-февралына чейин тапшырылышы керек.

Иллюстрациялык сүрөт. Минск шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты