​Кырсыктаган түрк учагынан 3 киши каза тапты

  • 4 года мурун

Кечээ, 5-февралда, Түркиянын Сабихи Гокчен атындагы эл аралык аэропортунда Pegasus Airlines компаниясынын учагы учуу-конуу- тилкесинде тайгаланып кырсыктап, үч киши каза тапты, 180 киши жарат алды.

Бул тууралуу Hurriet түрк басылмасы Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Жахит Турханга шилтеме берип билдирди.

177 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсүнүн арасынан үч киши каза тапканын Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа билдирди.

Андан 180 киши жабыркады. Маалыматтарга караганда, учак аэропорттун учуу-конуу тилкесинде тайгаланып, дагы 50 метр калдаңдап жүрүп барып токтогон.

Учакта 22 чет өлкөлүк жаран отурган. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ал учактагы эки кыргызстандык жүргүнчү ооруканада, ал-абалы канаттандырарлык экенин билдирди.

Сүрөт: Hurriet

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты