​ЕЭК коллегия төрагасы Тигран Саркисян «Данк» медалы менен сыйланды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды.

Президент Тигран Саркисяндын ЕЭКтеги төрагалык кылган мезгилинде Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлдөө системасы жөнгө салынганын, пенсиялык камсыздоо макулдашуусу боюнча маселе чечилгенин жана евразиялык интеграция маселелери боюнча башка бир катар маанилүү чечимдер каралып, кабыл алынганын белгиледи.

Мамлекет башчы Саркисяндын Кыргызстандын ЕАЭБ алкагында көтөргөн демилгелери биримдикке бардык мүчө өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алганын баса белгиледи.

Президент Жээнбеков Тигран Саркисянды Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоого жана Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйлады.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын ыйгарым укуктары 1-февралда аяктайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты