​Саймаитиге паспорт берүү боюнча кылмыш иши токтотулду

  • 4 года мурун

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге Кыргызстандын жасалма паспортун бергендигине шектелген Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине козголгон кылмыш иши токтотулду.

Мындай чечим ушул жылдын ноябрь айында Сузак райондук соту чыгарганын мамлекеттик каттоо кызматы ырастады.

Кылмыш ишинин токтотулушуна ал иштин мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги себеп болгон.

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты