Атамбаев сот отурумуна барбай калды

  • 4 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 17-декабрда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев барарын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Бирок Атамбаев ооруп калып, барбай, сот жылдырылды.

Жоошев 16-декабрда Атамбаев менен жолукканын жана сотко келерин айтканын кошумчалаган.

29-ноябрда Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилгенин айткан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш менен мурдагы баш прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Соңку отурум, 12-декабрда өткөн.

Батукаев 2013-жылы «айыкпас илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган. Анда бир офицер каза болуп, 100 дөн ашык киши жаракат алган.Азыр мурдагы президент УКМК абагында отурат.

Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты