«Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» (Видео)

«Азаттык» , «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» ( (OCCRP) долбоору Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөөнү жарыялады.

«Өлтүрүп кетебиз» деп коркуткан опузаларга карабастан Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоочу ири схеманы тескеген адам өз билгендерин далилдеш үчүн жүздөгөн документтери менен бөлүшүүнү уланта берген. Ал андан да көп документтерди убада кылган. Бирок тилегине жетпей киши колдуу болду.

Ушул жайдын башында Айеркен Саймаитиге кооптондурган телефон чалуу болгон.

Линиянын аркы жагында турган адамдын: «Эгер сен документти берсең, сен мунун [иликтөөнүн] экинчи сериясынын да документин чыгарсаң… Сени өлтүрөбүз», — деген сөзү Саймаитинин эсинде калган.

Саймаитинин айтымында, телефон чалган адам Кыргызстандагы кылмыштуу топтун өкүлү болгон жана ал кооптуу документтер тууралуу сөз кылган. Мындай эскертүү таң калычтуу деле эмес эле.

«Азаттык» радиосу обого чыгарган иликтөө таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык фондго көмүскөдөгү бизнес түйүндөн 2,4 миллион доллар келип түшкөнүн көрсөткөн эле.

Бул үй-бүлөнүн эң белгилүү мүчөсү – Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мамлекеттик кызматта өткөргөн бул адам эл ичинде сөз болгон байлыгынан улам «Раим миллион» деген атка конгон.

«Азаттык» радиосу Саймаитини коргоо максатында негизги маалыматты жана документтерди кабарчыларга ким бергенин ачыкка чыгарган эмес.

Коркутууга карабастан, Саймаити кабарчылар менен байланышын токтоткон эмес. Ал берген документтерден улам «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» порталы бир нече айга созулган иликтөө менен талдоонун жыйынтыгында «Азаттык» баштаган ишти кеңейте алды.

Ал иликтөө Саймаитинин беш жылдай Абдукадыр кланына арам акчаны адалдоо ишин аткарып бергенин жана Матраимовдун колдоосу менен ал клан Борбор Азиядагы карго империясын кура алганын көргөздү» деп башталат.

Айеркен Саймаити ушул жылдын 10-ноябрында кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып өлтүрүлгөн.

«Азаттык» медиасынын кабарчысы Али Токтакунов “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндө Матраимовдор фондуна Түркиядан 2,3 миллион доллар которулганын, ал эми Кыргызстандан 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын жазып чыккан.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, Өкмөттү сотко берген.

Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Матраимов боюнча иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине быйыл 1-февралда катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы реестрге 323-берене («Мыйзамсыз баюу») менен каттаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты