Өзбекстандын ЕАЭБге кирүүсүн талкуулоо: “Кремль Ташкентти ыңгайсыз абалга калтырды”

Баяндар

“Интеграция маселесин миграция көйгөйлөрүн чечүүчү кадам катары каралбашы дагы, ага байланбашы дагы керек, себеби, миграция – негативдүү феномен, биригүү позитивдүү иштердин негизинде жүрүшү керек”, - деп билдирди Cabar.asia аналитикалык платформасында өзбек саясий серепчиси “Билим кербени” мамлекеттик эмес илимий-билим берүү мекемесинин жетекчиси Фарход Толипов.


Фото: president.uz

Өзбекстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү ыктымалдуулугу тууралуу октябрдын башында башталган талкуу Россия Федерациясынын Федерациялар Кеңешинин жетекчиси Валентина Матвиенконун сөзүнөн улам кайра активдеше баштады. Матвиенко Ташкентке болгон сапарында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолуккандан кийин “учурда Өзбекстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү маселеси иштелип жатат” деп билдирди.

Анын бул сөзүнөн кийин бул маселе эксперттердин, саясатчылардын, Өзбекстандын ичиндеги жана Борбордук Азия аймагындагы башка кошуна өлкөлөрдүн социалдык тармактарынын колдонуучулары активдүү талкуулай башташты. Өзбек коомчулугунун позициясы бирдей эмес: бул союзга кошулууну колдогондор дагы, ага каршы чыккандар дагы бар, аны менен катар Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирген ЕЭБ менен кызматташуунун башка мүмкүнчүлүктөрүн дагы кароого чакыргандар бар.

Өзбекстан – Борбордук Азиядагы эң ири өлкөлөрдүн бири – калкынын саны боюнча биринчи, ИДПсы боюнча экинчи, аны менен катар эле “афган маселесин” чечүүдөгү эл аралык коомчулуктун негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

БА аймагындагы башка өлкөлөр менен катар эле Өзбекстан ШКУ жана КМШга кирет. Аны менен катар эле республика ар кайсы учурда аскердик бирикме ЖККУ (ОДКБ) жана экономикалык ЕрАзЭСке дагы мүчө болуп келген, бирок мурунку президент Ислам Каримовдун башкаруусундагы акыркы жылдарда бул биригүүлөрдөн тышкары саясат жүргүзүшкөн.

Ошондой болсо дагы президент Шавкат Мирзиеевдин тушунда бул бирикмелердеги лидер болуп эсептелген Өзбекстан менен Россияны тыгыз экономикалык, соода, гуманитардык байланыштар бириктирип турган жаңы импульс алды.

Аймактагы аналитикалык платформа CABAR.asia эксперттик чөйрөдө белгилүү эл аралык мамилелер боюнча серепчи Фарход Толиповго кайрылып, ЕАЭБке кирүү маселеси талкууланып жатат деген расмий билдирүүдөн кийин Өзбекстандын кийинки кадамдары кандай болот деген суроолорду берди.

CABAR.asia: Өзбекстандын ЕАЭБге кирүү ыктымалдуулугу тууралуу Россия менен Өзбекстандын саясатчыларынын билдирүүсүнө кандай комментарий берет элеңиз?

Фото: sayasat.org

Фарход Толипов: Кремль Ташкентти ыңгайсыз абалга калтырды, стратегиялык өнөктөш болуп саналган улуу державага кескин түрдө каршылык айтуу дагы кыйын, ошол эле учурда аны менен дароо макул болгон дагы болбойт. Коомчулуктагы, аны менен катар саясий, эксперттик чөйрөдө бул маселе “резонанс” жараткандан кийин Ташкент бул боюнча өзүнүн мамилесин билдирүүгө мажбур. Этияттык менен бул позицияны билдиришти: Өзбекстан ЕАЭБге кирүүнүн бардык оң жана терс жактарын талдап көрөт, бирок чечим кабыл алууда улуттук кызыкчылыктарга таянат.

Азырынча тынчтанта турган формула табылды: ЕАЭБге байкоочу болуу статусу.

Ташкенттик эксперттин көзү менен карагандаЕАЭБ кандай иштеп жатат?

Саясатта, анын ичинде эл аралык саясатта де-юре жана де-факто деген кырдаалдар бар. Де-юре – документтерде жана келишимдерде, албетте, теңчилик сакталып жатат. Бирок де-факто, экономикалык жактан дагы, саясий жактан дагы Россия үстөмдүк кылып, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн ортосунда теңчилик жок.

Бул уюмдун башка өлкөлөрүнүн макулдугун алдын ала сурабай туруп, баарынын атынан Орус бийлиги сүйлөп жана чечим кабыл алган бир катар учурлар белгилүү.

Андан сырткары “ЕАЭБдин теориясы менен концепциясынын” колдоочулары негизинен бул уюмга кирген туура экенин, Орусиянын ролуна басым жасап, аны менен кызматташуунун маанилүүлүгүн, айрым учурлардан андан көз карандылыгыбызды (мисалы, эмгек миграциясынын көйгөйлөрүн) аргументтештирип айтканга аракет кылышууда.

Экономика эч качан саясаттан өзүнчө жүрүп же алдыга кеткен эмес. Бул же башка эл аралык уюмду түзүүдө, аны менен катар ага жаңы өлкөнү кабыл алууда дагы саясий мотивация дайыма болот. Бул нерселерге реалисттик көз караш менен карап, ЕАЭБдин негизине көз жумуп коюуга дагы болбойт, бул жерде геосаясий маани бар экенин айтпаганда дагы.

Өзбекстандын бир нече миллиондогон эмгек мигранттарынын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрү – Россия менен Казакстанда иштеп жатат. Уюмга мүчө болууну Өзбекстан ушул багыттан карайбы?

Интеграция маселеси миграция көйгөйлөрүн чечүү өңүтүнөн каралбашы керек, ага байланбашы дагы керек, себеби бүгүнкү күндө миграция – негативдүү феномен, биригүү позитивдүү иштердин негизинде жасалышы зарыл. Анан дагы миграция көйгөйү эки тараптуу деңгээлде ийгиликтүү чечилип жатат. Интеграция маселеси бир өлкөнүн экинчисине миграция боюнча көз карандылыгынан эмес, башка мотивдерден улам жетилип жатат.

Өзбекстандын ЕАЭБге кирүү кызыкчылыгы эмнеде?

Бул процесстин геосаясий негизи жок деп айтканга мен азырынча башка себептерди көрбөй турам. Сөздүн түз маанисинен алганда бул карама-каршы туруу эмес. Союздаштарды, өнөктөштөрдү таап, жалпы бир аймакты белгилөө Москванын стратегиялык тапшырмасы, айрыкча дүйнөлүк саясатта АКШ менен атаандаш жана эл аралык санкциялардын айынан изоляцияда калып аткан учурда. Тарыхий Жибек Жолунун борбору катары биздин аймак, дайыма дүйнөлүк державалардын саясий дымактарынын эпицентринде болуп келген. Келечекте дагы, сыягы, бизди геосаясий тубуленттуулук коштоп жүрөт окшойт.

ЕАЭС сыяктуу биригүүлөрдүн форматы милдеттерди өлкөлүк органдардан уюмдун штаб-квартираларына тапшыруу каралган. Өзбекстан буга даярбы?

Жок, даяр эмес. Каримовдун башкаруусунун учурунда даяр эмес болчу. Мына ушул себептен улам Өзбекстан жакынга чейин эле көп тараптуу форматтарга активдүү мүчө болуудан карманып турган. Аймактык түзүлүштөргө катышууну жандантуу милдеттемелерди бөлүштүрүү маселесин актуалдаштырат.

Ошондуктан, менимче, Борбордук Азия өлкөлөрү, ири, татаал, геосаясий маселеде эркин эмес, тең эмес мүчөлөрдөн турган түзүлүштүн көйгөйлөрүн бөлүшүүдөн мурда, эң биринчи кезекте өзүнүн аймактык түзүлүшүндө – беш өлкөдөн турган чакан тобундамилдеттерди бөлүштүрүп алууну үйрөнүш керек.

ЕАЭБдин алкагындагы саясий чечимдер таңууланбашы үчүн, адегенде борбордуказиялык аймактык биригүүнү киргизүү стратегиялык жактан маанилүү болмок. Аймактык интеграциялык блок болуп алгандан кийин гана башка уюмдар жана ири державалар менен мамиле курган туура болмок.

 Фото: РИА “Новости”/МИА “Россия сегодня”

Бул талкуунун башталышына Өзбекстандын башка тышкы өнөктөштөрү кандай карайт?

Батыштын пикири, албетте, Ташкент үчүн маанилүү. Башка ири өнөктөштөрдөн айырмаланып, бул боюнча Батыш өз баасын сөзсүз берет. Геосаясий көз караштан алганда, Батыш, Түркия жана Кытай Өзбекстандын ЕАЭБге кирүүсүнө кызыкдар эмес.

Башка жагынан алганда, Мирзиёевдин аракети менен Түркменистан аймактагы өзүнүн изоляциясынан чыгып аймактык саммиттерге катыша баштады. Бул Түркменистан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн үйбүлөсүнө кайтты деген үмүттү жаратат.

Ошондуктан, Өзбекстандын ЕАЭСке кирсе Түркменистанды, жана көп нерселер боюнча Өзбекстанга тең келген Тажикстанды кыйыныраак абалга калтырышы мүмкүн.

Бул маселе боюнча бийлик эксперттик топтордун жана коомчулуктун пикирин угуп, аны менен эсептешеби? Бир катар коомдук ишмерлер бул боюнча социалдык тармактардын өзбек сегментинде өз ой-пикирлерин жазып, активдүү талкуулап жатышат.

Биз азыр көрүп жаткан нерселер – бул жандуу жана татаал талкуу процесси; партиялардын гана эмес, эксперттердин жана аналитиктердин позицияларынын күрөшү.Партиялар үчүн бул нерсе саясий жактан жетилгенин көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк, анткени, алар буга чейин саясий системанын өз пикири жок субьектиси болуп келген да.

Менимче, бир катар жагдайлар эң маанилүү, тагдыр чече турган маселелер тар чөйрөдө чечилерин көрсөтүп турат.

Мирзиёевдин реформасы чоң масштабга ээ болуп жатат. Алар көбүнчө коомдук кызыкчылыктарды жана өлкөнүн көйгөйлөрү боюнча коомдук дискурсту көздөөдө – демократиялык тандоо жана адам укугунан тартып, роботтошуу, технологиялык революцияга чейин.

Мындан улам Өзбекстандын ЕАЭБге кирүү же кирбөө чечимин иштеп чыгуу процессине эксперттер дагы өз салымын кошот деген ишенимдемин. Муну бийлик өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын жакынкы билдирүүлөрү, алардын позициялары дагы айтып турат.

Жалпысынан алганда, өлкөдө жаңы негизги мыйзамдарды, ири программаларды, маанилүү документтерди кабыл алууда коомдук талкууга алып чыгып, алардын сунушун эске алган модель кирип жатат.

Ошондуктан, ЕАЭБге кирүү же кирбөө маселеси дагы кеңири талкуусу жок чечилбейт деген ойдомун. Анын үстүнө коомдук жана саясий резонанс өсүп келе жатат.

Бул маселе боюнча референдум болушу мүмкүнбү?

Квалификациялуу чечим референдум идеясына каршы келбейт. Чындыгында дебаттар башталды. Социалдык тармактарды, өзбек гезиттери менен сайттагы маектерди карасаңар – бул маселе кеңири талкууланып жатат. Андан сырткары, саясий партиялар дагы бул маселе боюнча өзүлөрүнүн көп түрдүү позицияларын билдирип жатат. Бул боюнча телевидениеде дагы эксперттердин катышуусу менен берүүлөрдү жүргүзүү керек.


Марат Мамадшоев

Баяндар