Темирлан Султанбеков Асылбек Жээнбековго кылмыш ишин козгоону өтүнүп, баш прокуратурага кайрылды

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков мурдагы спикер Асылбек Жээнбековго ЖЭБ модернизациясы боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнүп, баш прокуратурага кайрылды

Кайрылууда Темирлан Султанбеков Кыргыз Республикасында бийлик парламент аркылуу жургүзүлөрүн эске салып, бул ишке парламент жооптуу экендигин айтат.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине ылайык, мамлекеттик бийлик биринчи кезекте шайлоо институттары аркылуу жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында парламенттик-президенттик бийлик бекитилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо Кыргыз Республикасынын “Кредиттик макулдашууну ратификациялоо- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан финансы министрлиги жана Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосунда “Бишкек шаарынын жылуулук электр түйүнүн модернизациялоо” боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууга 2013-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын парламенти тарабынан кабыл алынган мыйзамдын негизинде кол коюлган.

Ошондуктан, аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн баары айыпталуучу болбошу керек, анткени алар Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын жоболорунун негизинде иш жургүзүшкөн. Ал жоболорго Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган эмес.

Бир катар мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмерлер Жогорку Кеңештин күнөөсүн институт катары жана 2013-жылдын 11-декабрында ага добуш берген депутаттарды да күнөөлүү деп табууга чакырышкан. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине ылайык, Жогорку Кенештин депутаты парламентте берген добушу үчүн куугунтукка алынбашы керек” деп айтат Султанбеков.

Бирок андан ары ал Жогорку Кеңештин регламентин мисал келтирип, Жогорку Кеңеш бир күндүн ичинде мыйзамды кабыл алып, койгондугун белгилейт.

“Бишкек ЖЭБи боюнча мыйзам депутаттар тарабынан 1,5 айда каралышы керек болчу, бул убакытта алар мыйзамдагы туура эмес жагдайларды, каталарды таап, аларды оңдоого үлгүрүшмөк. Бирок Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Шарипович Жээнбековдун чечими менен мыйзам бир күндүн ичинде кабыл алынган” деп белгилейт Темирлан Султанбеков.

Султанбеков эл аралык келмшимдерди Жогорку Кеңеш бир күндө үч окууда кабыл алса болорун бирок кредиттик макулдашууларды бир күндө кабыл алууга болбой турганын баса көрсөтөт. .

Мына ушуларды эске алып, Асылбек Жээнбековго кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн жана ишке жасаган шалаакалык мамилеси үчүн токтоосуз кылмыш ишин козгоп, камакка алууну баш прокуратурадан өтүнөт.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын жакын туугандарын жана жакын кишилерин жумуштан алууну суранат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты