​Президент Ниязбековдун үй-бүлөсүнө анын «Эрдик» медалын тапшырды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-сентябрда, Үсөнбек Ниязбековдун апасы — Өктөм Мамаева, жубайы — Назира Базарбаева, бир тууганы — Асанбек Ниязбеков жана уулу — Тимур Ниязбеков менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма соз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы 7-августтагы окуяларда курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына көңүл айтып, «Альфа» жоокери буга чейин да террористтик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча бир катар операцияларга ийгиликтүү катышып, улуттук коопсуздук органдарынын ар түрдүү ведомстволук сыйлыктарына ээ болгондугун белгиледи.

Президент Ниязбековдун жакындарына анын «Эрдик» медалын тапшырды.

7-8-сентябрда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда «Альфа” атайын отрядынын командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип, алган жаракатынан ооруканадан каза тапкан.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты