​»Апрель» телеканалынын жабылышы боюнча оюңуз кандай? Сурамжылоо

Кечээ, 9-августта, «Апрель» телеканалы жабылды.

«Апрель» телеканалынын жабылышы боюнча телеканалдын директору Дмитрий Ложников фейсбук баракчасына жазды.

-«Медиа» форум имаратына кечээ, 9-августта, саат 20:00 дө Улуттук коопсуздук комитетинин 15 тей атайын кызматтагы адамдары келишти. Бардык кызматкерлер имараттан чыгарылды», -деп билдирген Дмитрий Ложников.

Ички иштер министрлигинин айтымында, ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Кечээ, 9-августта, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мыйзамга ылайык, мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Атамбаевдин тарапташтары суралды.

Андан сырткары “Медиа форум” акционердик коомунун жана «Апрель тв» телевидениесинин мүлкү камакка алынды.

—«Апрель» теле каналынын жабылышы боюнча оюңуз кандай, окурман? Сурамжылоого катышып, пикириңизди калтырыңыз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты