Алмазбек Атамбаев Россияга Канттагы авиабаза аркылуу учуп кетет

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Россияга бүгүн, 24-июлда, Канттагы орус авиабазасы аркылуу учуп кетмей болду.

Бул тууралуу анын тарапташтары билдирүүдө.

Атамбаевди жөнөтүүгө Кой-Ташта 300кө жакын тарапташтары чогулду.

Атамбаев россиялык тараптын чакыруусу менен, бирок кандай максатта бара турганы айтылган жок.

Мурдагы президенттин ЖМК билдиргени боюнча, ал эки күнгө барып, Кыргызстанга кайтып келет.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик кол тийбестигинен ажыраткан.

ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок бул иште бийлик мыйзамдык талаадан чыгып кетти деп баруудан баш тарткан.

22-июлда Атамбаевдин үйүнө, Кой-Ташка, Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү мурдагы президенттин суракка эмне себептен келбей жатканын сураганы барганда, КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева анын кол тийбестиги бар экенин, аны суракка алуу мыйзамсыз экенин билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты