Журналист Ыдырыс Исаковду сабап салышты

  • 5 лет мурун

Ош шаарында казино боюнча иликтөө жүргүзүп жүргөн учурда, 13-майда «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Ыдырыс Исаковду сабап кетишти.

Журналист түз эфирге чыгып, «Де люкс» мейманканасында казино бар деген жерден фейсбук баракчасында түз эфирде чыгып жаткан. Анда казинодо кумар ойноп, үйүн, машинасына уттурган киши жана анын ата-энеси да келип, кабарчыга окуяны айтып, кумар ойногон жерди берген.

Ошол учурда казинонун күзөт кызматы Ыдырыс Исаковдон эфирге чыгып жаткан телефонун талашып, андан кийин аны сабап, муунтуп, костюмун айрыган.

Айта кетсек, кумар оюндарына мыйзам боюнча тыюу салынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты