Миң тонналык эки цистерна мазут жана солярка күйгөн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ Жалал-Абаддагы нефть базасынан чыккан өрттүн чоо-жайын түшүндүрдү. Азырынча өрт техникалык себептерден чыкты деп болжолдонууда.

Маалыматтарда нефть базасы Өзгөчө кырдаалдар экс-министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты. “Ата журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиевге жана Замирбек Жылчымышовго таандык экени айтылып жатканын кошумчалай етели. .

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-майда өрт өчүрүлгөндөн кийин кененирээк маалымат берди.

Өрт 10-майда болжол менен саат 10:05 те Шерматов көчөсүндөгү нефтини кайра иштетүү кампасынан башталган.

Анда 1000 тонналык эки цистерна мазут жана солярка өрттөнүп кеткен

Өрттөн 1995-жылы туулган Ж. уулу Б. жабыркаган. Анын башы, мойну, денеси, колу буту 40- 50 % күйгөн.Ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында жатат.

10-майда ӨКМ Жалал-Абадда өзгөчө абал жарыялаган.

Өрттү өчүрүүгө12 машина, 182 өрт өчүргүч, 2 автошаты жана Жарандык коргонуунун күчү (“Тез жардам”, ИИМ, Суу чарбасы, РЭС ж.б.) жана каражаты колдонулган.

Өрт 17:25 те буулуп, 11-майда саат 00:17 де толук өчүрүлгөн.

Өрттү өчүрүүгө 5300 литр көбүк колдонулган. Нефть базасынын жанында жашаган 2000 дей киши эвакуацияланган

Коопсуз болуп калганда бардык жарандар үйлөрүнө кайтарылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен жанындагы объекттерге өрт жайылган жок.

Тилсиз жоонун себеби такталып жаткандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты