​Нефть базасында өрттү өчүрүүгө тик учак пайдаланууга болбойт

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарында орун алган өрт кырсыгына байланыштуу айтылып жаткан пикирлерге жана талкууларга жооп берди. Анын ичинде нефть базасындагы өрткө тик учак пайдаланууга болбой турганын билдирди.

Аны мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан нефть базасы жарылуу коркунучу бар объект. Адистер мындай учурда өрт өчүрүүгө тик учак колдонулбай турганын белгилейт

Тик учак өрт чыккан объектиге өрт өчүрүүгө колдонулуучу көбүктү алып барууга ылайыкталган эмес.

Көбүк өрт өчүрүүчү унаа менен гана күйүп жаткан обьектиге чачылат. Нефти сакталуучу жайларда өрт катталганда дүйнөлүк практикада тик учактын жардамы менен өчүрүлбөйт. Эгерде токойлордо, талаада же бийик имараттарда ири өрт катталса, тик учак колдонуу натыйжасын берет» деди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Бүгүн, 10-майда, Жалал-Абаддагы нефть базасынан өрт чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты