​Президент согуш ардагерлери Усубакун Байсалов жана Алексей Варавинге барды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Жеңиш күнүн утурлай Ата Мекендик согуштун ардагерлери Усубакун Байсалов жана Алексей Варавинге барды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Ардагер Усубакун Байсалов аскерге 18 жашында чакырылып, согуш бүткүчө байланышчы (связист) катары кызмат өтөгөе, эки жолу жарадар болгон, Ал жеңишти Польшадан тоскон.

Мекенине 1946-жылы кайтып келип, мектеп директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

95 жаштагы Байсаловдун 8 уул-кызы, небере, чөбөрө, кыбыралары бар.

98 жаштагы Алексей Варавин 1942-жылы Воронеж фронтуна жөнөтүлгөн. Артиллериялык полктун курамында согушта жарадар болгон.

Дарылангандан кийин 1944-жылы Звенигород танк дивизиясынын мина ыргыткыч Кызыл туулуу полкуна которулуп, ал жакта согуштун аягына чейин кызмат өтөгөн.

Согуш жылдарында «Кызыл жылдыз» ордени жана жеңиш медалы менен сыйланган.

Согуштан кийин музыкалык мектепте аскердик-дене тарбия мугалими, Украина жана Кыргыз ССРинде мамлекеттик коопсуздук органдарында эмгектенген.

Сооронбай Жээнбеков эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшкөн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин турмуштук жолу, каармандыгы жана эрдиги кийинки муундар үчүн үлгү экендигин белгиледи.

Мамлекет башчы ардагерлерге Жеңиш майрамына карата чакан белек тартуулады.

Сүрөттөр: Преидентттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты