​Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

  • 5 лет мурун

Жогорку сот бүгүн, 3-майда, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сот чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Бирок мүлктү конфискация боюнча бөлүгү алынып салынсын деп өкүм чыгарды.

Жактоочулар Тимур Султанов, Эмилбек Жаныбеков Текебаевди актоону же мөөнөтүн азайтууну эмес, иштин жаңы жагдайлар боюнча райондук соттун жана Бишкек шаардык сотунун өкүмдөрүнүн кайра каралышын өтүндү.

Прокурор жактоочулар айткан дооматтар менен макул эместигин билдирди. Мурда доомат канаттандыруудан баш тартылган.

Жыйынтыгында Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин өзгөртүүсүз калтырды.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп коррупция боюнча айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.

Жаңы мыйзамдарга байланыштуу 15-февралда ишти кайра кароо Жогорку сотко жиберилген болчу.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты