​Абылгазиев Ереван шаарына барды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына, Ереван шаарына барды

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы каарлады.

Аны аэропорттон Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Делегацияда кимдер бар?

-Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган КР расмий делегация курамына:

-Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков;

— Россиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов;

— Экономика министри Олег Панкратов;
— Маалыматтык технологиялык жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев;

— Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков;

— Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов;

— Өкмөттүн эл аралык кызматташуу бөлүм башчысы Айбек Айдарбеков;

— Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев кирген.

Сүрөттөр: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты