«Урансыз Кыргызстан!»

  • 5 лет мурун

Бишкекте 26-апрелде өтүп жаткан уранга каршы митингде урандын кесепети тууралуу айтылып жатат.

Чогулгандар «Урансыз Кыргызстан!», «Уранга-жок!» ж.б. ураанды айтып турушат.

Уранга лицензия берүү боюнча Башкы прокуратура өз позициясын билдириши керектиги талабы коюлду.

Укук коргоочу Азиза Абдурасулова ымыркайлар Майлуу-Сууда төрөлө электе эле радиацияга ууланып жатканын изилдөөлөр көрсөткөнүн билдирди.

Майлуу-Сууда жаңы төрөлгөн 200 баланын тонунун, плацентасын окумуштуулар иликтегенде, анын 87 пайызы радиацияга чалдыкканын айтып чыгышканын эске салды.

Андан кийин чыгып сүйлөгөндөр да экология чек араны билбей турганын айтышты. Украинадагы Чернобыль, Япониядагы Фукусима сыяктуу окуялардын алдын-алыш керектиги, урандан атом бомбасы жасалары айтылды.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты