Митингчилер уран иштетүүгө лицензия бергендерди жазалоо керек экенин билдиришти

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 26-апрелде, Бишкекте Ак Үйдүн алдында уран иштетүүгө каршы митинг болуп жатат.

Анда чыгып сүйлөгөндөр Кыргызстанда уран кенин иштетүүгө жол берилбесин, уран иштетүүгө лицензия бергендер жазалансын деген талаптарды коюшууда.

Алар «Уранга жол жок!», «Уран иштетүүгө каршыбыз!» ж.б. плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Актвисттердин бири Марипа Алыкулова октябрь айынан бери алардын үнүн укпай келишкенин, аткаминерлер эми гана кыймылдай баштаганын айтты.

—Уран иштетүүгө лицензия бергендер жоопко тартылышы керек! — деди активист.

Митингчилер 29-апрелде Бишкекте уранга каршы жөө жүрүш болорун, 30-апрелде да митингге чыгышаарын билдирди.

Митингдин жүрүшүн биздин фейсбук баракчабыздан түз ободон көрүңүздөр.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника» медиасыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты