Кызыл-Омпол уран кенинин иши токтоп, жумушчулар үйүнө тарады

  • 5 лет мурун

Кызыл-Омпол уран кенин иштеткен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын имараттары, техникалары атайын мөөр менен бекитилди.

Ал Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев баштаган жергиликтүү бийликтин, тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Муну Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев ырастады.

Кенде иш толук токтотулуп, жумушчулар үйлөрүнө жөнөтүлдү. Компаниянын имараттарын жана техникалык каражаттарын Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкери нөөмөт менен кайтарууга алууда.

22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты