Кыргызстанда уран калдыктарына жакын жайгашкан калктуу конуштардын кооперациясы түзүлдү

  • 3 месяца мурун

Кыргызстанда уран калдыктарына жакын жайгашкан калктуу конуштардын кооперациясы түзүлдү.

Мындай чечим «Миң-Куш айылынын туруктуу туризм аркылуу өнүгүүсү» («Унутта калган шаарларды жандандыруу») аттуу туристтик форумдун алкагында жыйында кабыл алынды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Кооперация муниципалитеттерге бирдиктүү позицияда иш алып барууга, жалпы кызыкчылыктарды илгерилетүүгө, кошумча ресурстарды тартууга жана туруктуу өнүгүү, экологиялык коопсуздук жана рекультивациядан кийинки мониторинг маселелери боюнча биргелешип иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Иш-чара Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) активдүү катышты.

Кооперация Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу алдында иш алып барат.

Катышуучулар уран калдыктарына байланышкан калктуу конуштар техникалык рекультивацияга жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого гана эмес, ошондой эле узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүүгө, жергиликтүү бизнести колдоого, туризмди өнүктүрүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана ачык диалог аркылуу калктын ишенимин бекемдөөгө муктаж экендигин белгилешти.

Иш-чарага Майлуу-Суу шаарынын, Миң-Куш, Кара-Таш, Кызыл-Жар, Терек-Сай, Молдо Нияз айыл өкмөттөрүнүн, Күн-Чыгыш жергиликтүү кеңешинин жана башка муниципалитеттердин жетекчилери катышты.

Ошондой эле тегерек столдун ишине Ош шаарындагы Орхус борборунун өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык эксперттер катышышты.

Аталган планда туруктуу туризмди өнүктүрүү жана чакан шаарлардын инфраструктурасын жандандыруу боюнча долбоорлор каралган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты