​Четтен диний билим алуу коопсузбу?

Кыргызстандын Конституциясында жазылгандай, өлкөдө светтик мамлекеттик башкаруу орногон. Ошону менен катар, калктын 80%ы мусулман болгондуктан эл ичинде исламдык билим алууга, куран жаттоого кызыгуу күч. Ал эми Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин, 1991-жылы кабыл алынган “КР диний ишенимдин жана диний уюмдардын эркиндиги жөнүндө” мыйзам бардык диндердин, биринчи кезекте исламдын, жанданышына кеңири жол ачты. Ошондой эле, четтен исламий диний билим алууга умтулган жаштар дагы көбөйдү.

Кыргызстанда Ислам багытындагы 112 диний окуу жай Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн. Алар Кыргызстан Ислам университети, Расул Акрам университети, Азирети Осмон Ислам институту, Нур аль-Ислам институту, ж.б.

2017-жылы июль айында Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп, Кыргызстан Ислам университети мамлекеттен лицензия алды.

Кыргызстандыктар ошондой эле, Пакистан, Египет, Иордания, Түркия, Сауд Арабиясындагы окуу жайлардан диний билим алуу үчүн сапар алышууда.

Кандай шарттар менен барууга болот?

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жобосуна ылайык, сыртка диний билим алууга кетип аткан абитуриент Дин иштери боюнча комиссияга келип, арызын көрсөтүп, кайсы өлкөгө жана кайсы окуу жайга кетип атканы тууралуу макулдашып кетиши керек.

2015-жылга алынган маалыматка ылайык, Пакистанга 24, Сауд Аравиясына 81, Египетке 287, Кувейтке 6, Иранга 13 кыргызстандык диний билим алууга барган. Аталган өлкөлөрдүн шарттары кандай?

​Четтен диний билим алуу коопсузбу?


Египет

Булан институнун жыйынтыгына ылайык, диний билимдин сапаты жана зааманбап шарттары боюнча Египеттеги окуу жайлар, айрыкча Аль-Азхар университети диний аалымдар арасында эң кадырлуу. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, Ислам университетинин мурдагы ректору Марс Ибраев дагы Египетте окуган. Ал эми Түркиядагы билим алгандар көбүнчө 1993-жылдан бери расмий түзүлүп келген келишимдин негизинде теология факультеттеринде окуп келишкен.

Туркия
Кыргызстанда диний чөйрөдө Түркиядан диний билим алуу абройлуу, себеби бул өлкөдө көбүнчө мамлекеттик университеттердеги теология факультеттерге барып окушат. Диний аалымдардын жана теологдордун айтымында, билим берүүнүн нейтралдуулугу жана светтик сабактарды да айкалыштырып окуткандыгы менен кадырлуу. Кыргызстанда мамлекеттик органдар тарабынан атайын келишим түзүлүп, окууга ырасмий жөнөтүү көбүнчө Түркия менен болгон.

Пакистан
Пакистанда медреселерде окугандардын саны эки миллионго жакын. Анын 200 миңдейи экстремисттик маанайдагы медреселердеги аскердик окуусу өзгөчө кооптонууну пайда кылат. 2013-жылдагы статистикалык маалыматтарга ылайык, медреселердин саны 13 миңден ашкан.Аларда окугандардын саны 1 миллион 759 миңге жеткен. Айрым эксперттердин маалыматтары боюнча, мечит-мектептерди кошкондо Пакистанда медреселердин саны 80 000ге жетет. Медресе жана мечит-мектептерде жалпы өлкөдөгү мектеп жашындагылардын үчтөн бири окуйт.

Сирия
Сирияда жарандык согуш башталганга чейин мындагы жергиликтүү университеттер менен медреселерде кыргызстандык жаштардын бир кыйласы окуган.

Андан кийин алардын көпчүлүгү же үйүнө кайтып келишти, же Жакынкы Чыгыштагы башка окуу жайларга которулуп алышты. Сирияда окугандардын бири, КР мусулмандар Дин башкармалыгынын фатва жана мечит бөлүмүнүн адиси — Бахтияр Токтогазиев.

Сауд Аравиясы
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистери билдиргенге караганда, Кыргызстан жарандарынан Сауд Арабиясына окуганы баргандар көбүнчө Умм аль-Кура де Жидда университетине кызыгышат.

“Сауд Арабиясындагы диний билим берүү салафизм идеологиясына негизделген, ошондуктан Ислам дининин айрым түшүндүрмөлөрү Кыргызстандагы салттуу Исламга туура келбейт” дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Эсенгелди Жумакунов.

Иордания

Талдоочулардын айтымында, Иорданияда дагы диний билим берүүнүн сапаты жогору бааланат. Белгилүү теолог Кадыр Маликов Иорданияда ислам илимий негизде терең окутуларын баса белгиледи.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 2007-2012-жылдары мыйзамга ылайык, чет өлкөлөрдө окуу үчүн Кыргызстандын жарандарына жолдомо берүү боюнча 119 гана макулдашуу жүргүзгөн. Алардын 118и Сауд Арабиясына берилсе, бирөө гана Пакистан Ислам Республикасына берилген.

Чет өлкөлөрдө окуп аткандар тууралуу жогорудагы сандар сөзсүз эле булар Дин комиссиясына келип катталып кеткен дегенди билдирбейт. Статистиканы өзүбүз толуктайбыз, изилдеп маалымат топтогон өз жолдорубуз бар”,- дейт мамлекеттик комиссия башчысы Зайырбек Эргешов.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия билдиргенге караганда, 2012- жылдан кийин чет өлкөлөргө эч кимдин тастыктоосуз эле, айрым учурда туристтик виза аркылуу эле чыгып кете башташты.

​Четтен диний билим алуу коопсузбу?

Бизди тынчсыздандырган өзгөчө нерсе, чет өлкөлөргө билим алуу үчүн баруу Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актысын бузуу менен ишке ашырылып жаткандыгы.

Андан дагы тынчсыздандырган жагдай, диний билим алуу үчүн чет өлкөлөргө 9-14 жаштардагы жашы жете элек балдар кетип жаткандыгы. Мындай фактылар массалык маалымат каражаттарына да чыккан. Өзүңүздөр билесиздер, Кувейтке, Бангладешке мектеп жашындагы балдар барып окуп атканы тууралуу коомчулукка дайын болгон” дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Гүлназ Исаева.

Дагы бир орчундуу маселе, айрымдардын баштапкы диний түшүнүгү жана пайдубалы тар болуп, ар кандай радикалдуу идеологиянын тузагына түшүп, өлкөгө салттуу эмес диний агымдардын импорттолушуна өбөлгө түзүү коркунучу бар. Ушундай чочулоолордон улам, коңшу өлкөлөр Өзбекстан менен Тажикстан радикалдуу кадамга барып, чет өлкөдө диний билим алууга тыюу салып гана тим болбостон, Пакистан, Сауд Арабияда окуп жаткан атуулдарын чакыртып алды.

Мисалы, Тажикстандын жараны Мухаммад Давлатализода Имам Аъзам атындагы Тажикстан Ислам университетинде билим алып жүрүп, 2014-жылы окуусун Ешипетте улантууну чечкен.

Кийин анын Египетте Иракка өтүп кетип, ИГИЛ террористтик тобунун курамына кирип, алар тарапта согушканы белгилүү болгон. 2015-жылдан бери эл аралык издөөгө салынган.

Ал эми Кыргызстан бул багытта башка жолду тандап, мыйзамдык базаны бекемдеш үчүн бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү алдында турат. «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамга бир нече өзгөртүүлөр сунушталып, Жогорку Кеңештин эки комитетинен өткөн. Дин иштери боюнча комиссиянын директору Зайырбек Эргешовдун айтымында, бул өзгөрүүлөр кабыл алынса, бир топ маселелерге чекит коюлат.

Четтен диний билим алуу көзөмөлдөнүшү керекпи?

“Ыйман” фондунун экс-жетекчиси Нуржигит Кадырбеков чет өлкөлөргө диний билим алуу максатта чыгып аткан атуулдардын агымын көзөмөлгө ала турган мыйзамдык норма жана күчтүү структура керек деп эсептейт.

Муфтият дегенде эле динди көзөмөлдөгөн бир монстр, күчтүү структура катары түшүнгөндөр көп экен. Муфтият—бир бейөкмөттүк уюм. Кыргызстанда бейөкмөттүк уюмдар абдан эле көп, муфтият деле ошолордун бири.

Булардын реалдуу таасирдүү бийлиги аз, чын-чынына келгенде.”Биз аларга баш ийбейбиз” десе, муфтияттагылар эч нерсе кыла алышпайт. Ал эми Дин боюнча мамлекеттик комиссиядан көп иштерди күтсөк болот, бирок аларда да адам ресурсу, каражат ресурсу жетишпейт, алардын милдеттери аябай көп. Ошондуктан ведомстволор аралык бир структура, жумушчу топ болсо жакшы болмок”,-дейт Кадырбеков.

Белгилүү теолог Улан Усупов Кыргызстан исламдын ханафий мазхабын гана окуткан чет өлкөлөрдөгү окуу жайлар менен келишим түзүшү керек деген пикирде. Айрыкча Түркиядагы окуу жайлар тарабынан эч коркунуч жоктугун, билим сапаты жакшы экендигин баса белгилейт.

Мисалы, кайтып келгенден кийин алар салафизмди жайылтат. Бизге салафийлердин не кереги бар? Азыртан эле жума намазда динге ишенгендердин кимиси салафий идеологиясына берилгендиги байкала баштады.

Алар негизги жамааттын диний ишенимдерин сыйлабай, намазды башкача окушат. Ошондуктан Түркия окуу жайларынан эч чочулабаш керек. Сабактарды илимдин докторлору, профессорлор окутат. Болгону ар бир өлкөгө диний окууга жиберип атканда биздин мазхабга туура келген гана окуу жайлар менен келишим кылуу керек”,- деди Бишкектеги Ислам университетинин окутуучусу Улан Усупов.

*Буландын иликтоосу чыккандан бери озгорудубу абал же ошол эле бойдонбу белгисиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты