​Абылгазиев: “Өкмөт өзүн пиар кылбай иштеп жатат”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 24-апрелде, Жогорку Кеңеште 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев отчет берди.

Абылгазиев Өкмөт ишинин жыйынтыгын төрт көрсөткүчү боюнча көрсөтөрүн билдирди.

Ал көрсөткүчтөр мындай:

1. Өкмөттүн программаларынын аткарылышы;

2. Жалпы мамлекеттин программаларынын аткарылышы:

3. Калктын ишеним индекси;

4. Эл аралык рейтингдеги Өкмөттүн ээлеген позициялары.

—Булардын жыйынтыктары Өкмөт коюлган милдеттерди ишке ийгиликтүү ашыра алганын тастыктап турат” деди Премьер-министри

Бирок калктын ишеними төмөндөп жатканын мындайча түшүндүрдү:

— Калктын ишеним индекси 0,6% га төмөн болгону мыйзам ченемдүү жана объективдүү процесс. Бул көрсөткүчкө Өкмөттүн пиар менен алектенбей, тынымсыз иштей бергенинин таасири болду го деп ойлойбуз, — деди ал.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты