​КСДП уран кенин иштетүүгө каршы турарын билдирди

  • 5 лет мурун

КСДП Кыргызстанда уран кенин иштетүүгө каршы турарын айтып чыкты.

КСДП мындай деп белгиледи:

«2013-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы «Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу жөнүндө» резолюция кабыл алган.

2017-жылы биздин партиянын лидери Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө бул маселени кайрадан көтөргөн жана уран иштетүүдөгү коркунучтар туурасында билдирген»,-деп айтты партия.

Кызыл-Омполдо уран кенин иштетүүгө каршы коомчулукта нааразылык жаралууда.

Ошондон улам 22-апрелде Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уран кениндеги ишти экологиялык экспертиза аяктаганча токтото турууну тапшырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты