Украина БШК: Зеленский 73 пайыз добушка ээ болду
- 5 лет мурун
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бюллетендердин 90% саналып бүткөндөн кийин президенттике талапкер Владимир Зеленский шайлоочулардын 73% добушуна ээ болду.
Анын атаандашы, өлкөнүн азыркы башчысы Пётр Порошенко 24,5% добушка ээ болду.
Бул жыйынтыктар шайлоо бүткөндөн кийин жарыяланган Улуттук экзит-полдун маалыматтары менен дал келет.
БШК Украина президентин шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктарын 30-апрелде жарыялоого сөз берүүдө.
Актер жана куудул Владимир Зеленский Украинанын тарыхында эң көп добуш алган биринчи президент болуп калды.
Добуш берүүгө шайлоочулардын 62 пайызы келди.
Зеленскийге негизги колдоону 88% добуш менен ал өзү туулуп- өскөн Днепропетровский облусу көрсөттү.
Киев облусунда шайлоочулардын 70% Зеленскийди тандады. Порошенко Львов облусунда алдыга чыгып, 64% добуш топтоду.
Пётр Порошенко өзүнүн атаандашы Владимир Зеленскийди жеңиши менен куттуктады. Ошол эле маалда саясаттан кетпей турганын билдирип, Зеленскийге жардамын сунуштады.